Эң өтүмдүү жана сапаттуу ак бал Кара- Кулжада өндүрүлдү

Кыргызстанда эле эмес дүйнөлүк базарларга кеңири тарап жаткан ак бал быйыл Кара- Кулжа районунда өндүрүлдү. Буга чейин өлкөнүн түндүк тарабында иштелип чыккан балды былтыртан бери “Капчыгай тоо балы” кооперативи Алайкуу өрөөнүндө өндүрө баштаган.

Дүйнөдө эң таза жана сапаттуу асел катары белгилүү болгон ак бал өсүмдүктөрдүн бир гана эспарсет деген түрүнөн алынат. Бул өсүмдүк Алайкуудагы 500 гектар аянтка себилип, бир жылда 600 килограмм бал алынды. Сапаттуу балга суроо-талап көп болуп, 100 килограммга жакыны Кыргызстандын өзүндө сатылса, калганы Орусия, Кытай жана Сауд Арабияга экспорттолгон.

“Капчыгай тоо балы” коопаративинин өлкөнү бал азыктары менен камсыздоодогу орду чоң жана сапаты, пайдалуулугу жагынан алдыда. Ошондуктан адистер ак балдын аянтын кеңейтип, кийинки жылы 800 гектар жерге эспарсет үрөнүн себүүнү пландап жатышат. Үрөнгө  керектүү аянтты Кара- Кулжа райондук администрациясы бөлүп берүүнү убадалаган.

Текст: Таңкыз Эргешбаева

Бегимай Асанова

Оператор- монтажер: Нурсултан Абдыкерим уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген