Эң мыкты айыл өкмөттөр аныкталды

«Эң мыкты айыл өкмөтү» жалпы республикалык конкурсу аяктады.  Алар 2017-жылдын жыйынтыгы менен аныкталган.  Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жалпысынан бул конкурска 13 айыл өкмөтүнөн документтер келген. Атайын комиссия жеңүүчүлөрдү эки топко бөлүп, алты жеңүүчүнү аныктаган.

1-орун  Жайыл районундагы Суусамыр айыл өкмөтү 1 млн 500 миң сом;

2- орунду алган Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтү 1 млн сом;

3- орунду Манас районундагы Покровка айыл өкмөтү 500 миң сом:

Ал эми экинчи топтогу ийгилик көрсөткөн айыл өкмөттөргө да акчалай сыйлыктар тапшырылды.

1- орунду Түп районундагы Кутургу айыл өкмөтү;

2- орунду Жумгал районундагы Баш-Кууганды айыл өкмөтү;

3- орунду Аксы районундагы Ак-Жол айыл өкмөтү алып  1, 5 миллиондон 500 миң сомго чейинки сыйлыктар ыйгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда 483 айыл өкмөтү бар.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген