«Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагы жыйынтыкталды. Тизме

Президент Садыр Жапаров бүгүн,  21-октябрда, 2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрүн сыйлады.

Биринчи топтун арасынан:

– I орун 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен – Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө;

– II орун 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен – Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнө;

– III орун 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен – Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнө;

Экинчи топтун арасынан:

– I орун 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө;

– II орун 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнө;

– III орун 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен – Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнө.

Мындан тышкары, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 30 жылдыгына карата президенттин энчилүү сааты менен сыйланышты:

Абдыразаков Асылбек Таштанбекович            –              Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы;

Дүйшөбаев Мукталы Бошкоевич        –              Талаc облусунун Манас районунун Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы;

Мозгачева Виктория Андреевна          –              Бишкек шаарынын вице-мэри;

Усенова Эльмира Валентиновна          –              Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укукту өкүлүнүн орун басары.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан алкыш жарыялады:

Апбасов Каныбек Сагынбековичке     –              Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясынын  башчысы-аким;

Абдыкадыров Эмилбек Ысакуловичке             –              Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын  башчысы-аким;

Ормоков Эрнисбек Абдижалиловичке             –              Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри;

Рахманкулов Алмазбек Рахманкуловичке     –              Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.