Дзюдо: Кыргызстандын курамасы Париждеги турниринде ийгиликсиз болду

Дзюдо боюнча Францияда өткөн эл аралык турнирде Кыргызстандын курама командасы ийгиликсиз болду. Бул тууралуу КРнын дзюдо федерациясы өз баракчасына жазып чыкты. 

Paris Grand Slam 2020 эл аралык турнири 8-9-февралда Париж шаарында өткөрүлдү. Мелдешке Кыргызстандан 6 спортчу барып, 6 салмак категорияда татамиге чыкты. Анда Кубанычбек Айбек уулу менен Юрий Краковецкий биринчи кармашында атаандашатарын утуп, 2-турда жеңилүү ызасын тартты. Ал эми калган 4 спортчубуздун баары 1-турда эле жеңилди.

Белгилей кетсек, турнирге  жалпы 121 өлкөдөн 740 спортчу катышып, 14 топтом медаль үчүн күч сынашты. Ошондой эле бул турнирде Токио олимпиадасына жолдомо ойнотулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген