Дзюдо: Кувейтте өткөн турнирде Кыргызстан 1-орунду алды

Кыргызстандын жаш дзюдочулар Эль-Кувейт шаарында өткөн эл аралык мелдеште 1-орунду алды. Бул тууралуу КРнын Дзюдо федерациясы кабарлады. 

Эл аралык турнир 20-декабрдан 23-декабрга чейин өтүп, ага Кыргызстандан 5 спортчу катышкан. Анда, Кубанычбек Айбек уулу менен Адиль Мырзаев алтын медаль утса, Анарбек Ишенбаев, Сыймык Жапаров жана Асад Масабиров финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынды.

Андан сырткары, аталган мелдеште клубтар аралык Азия биринчилиги өткөрүлүп, жалпы 7 команда катышты.

Ага да ошол эле Кыргызстандык 5 спортчу катышып, 1-орунду ээледи. Алар алгач ирактык спортчуларды жеңсе, жарым финалда Кувейт командасын уткан. Ал эми финалдык беттеште Кытай Тайбэй командасын жеңип алды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген