Дзюдо боюнча Азия чемпионатында кыргыз спортчусу биринчиде келе жатат

Эл аралык дзюдо федерациясынын жаңыланган рейтингинде күч сынашкан кыргыз дзюдочусу Эрлан Шеров өз салмак категориясында 1-орунду ээледи.

81 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Эрлан Шеров 2018-жылы бир нече медалдарды тагынып, өз салмак категориясында 1-орунга көтөрүлдү. Жалпы 7 айдын ичинде ал 2 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медалдын ээси болду.

Ал Ливанда өткөн Азия чемпиондугунда, Ташкент шаарында өткөн Азия кубогунда 1- орундарды багынтса, Италиядагы Европа кубогунда 2- орунду, ал эми Чехия жана Венгрияда өткөн Европа кубокторунда 3- орунду алган. Натыйжада Эрлан Шеров 502 упай топтоп, жаштар арасындагы дүйнө рейтингинде 1- орунду ээледи.

Сүрөт: АкиПресс

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген