Джонни “Күттүм айды” аткарган 5 жаштагы  балага  ыр жазып берет. Видео

Учурдун хит ырына айланган Джоннинин ”Күттүм ай“  ырын көчөдө 5 жаштагы баланын ырдагыны инстаграм баракчасына жүктөлүп, интернет колдонуучуларынын назарын бурду.

Кичинекей бала микрафон кармап алып  “Күттүм ай” ырын образга кирип  ырдаган. Видеодон аны өзү теңдүү жаш балдар тегеректеп,  айрымдары бийлеп,башкалары колдоп коштоп жатканын көрүүгө болот. Көпчүлүк жаш баланын көзүн жумуп алып, берилүү менен ырдаганына баа беришип,  таланттуу экенин белгилеп жакшы пикирлерин калтырышкан. Жада калса ырчы Джонни өзү да бул менин балам деген билдирүү жазган. Инстаграмга жарыяланган видеону учурда 270 миңге жакын адам көргөн.

Көп өтпөй эле ырчы мырза 5 жаштагы бөбөк менен жолгушуп өздүк баракчасына төмөнкүдөй пост жарыялаган.

” Жакында эле, Кайынды жергесинде өзүнүн чогуу ойногон досторуна концерт уюштуруп, “Күттүм ай” ырын берилип ырдап жаткан жигиттин видеосун көрдүм эле. Бүгүн ошол, Дастан деген 5 жаштагы  күйөрманым менен жолуктум.  Сонун, таланттуу бала экен чынында. Мага дагы ырдап берди.  Бир ыр жазып берем – деп убада бердим буйруса. Андыктан, жакынкы арада ушул жигиттин ырдаганын радиолордон угуп калышыныздар толук ыктымал. Биздин кичинекей бөбөктөрүбүз аман болсун. Талантын өркүндөй берсин Дастан иним. Азаматсын, бар бол!  Жаштар биздин келечегибиз”, – деген ырчы Джонни.

Джонинин күйөрмандары ырчынын жөнөкөйлүгүн жана жаш таланттарды колдогонун баалап, ийгилик каалашкан.

 

  

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген