Дыйкандарга өз убагында жетпеген насыя

Ошто дыйкандарга арзан пайыз менен берилүүчү насыя кеч берилгендиктен пайдасы болбой жатат. Бул маселе Ош облусундагы дыйкандар, банк кызматкерлери  жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында каралды.

Маалым болгондой, түштүктө дыйканчылык иштери эрте башталат. Бирок берилүүчү насыя жыл сайын кечиктирилгендиктен, дыйкандар албай коюшууда. Алсак, өткөн жылы облуска бөлүнгөн каражаттын 2 миллиардга жакыны ашып калган.

“Жеңилдетилген насыя жыл сайын кеч берилет. Быйыл да февраль айы өтүп баратканына карабай, насыяга берилүүчү акча банктарга түшө элек. Өткөн жылы да насыя берүү март айында башталгандыктан, көп жарандар дыйканчылык кылуудан кечигип, миллиарддаган акчалар ишкерлердин колуна тийбей калган”-деди жеке ишкер Авазкан Кудайкулова.

Ал эми банк кызматкерлери насыяны эрте берүү максатында документ иштери быйыл бир аз женилдетилгенин билдиришти. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү да насыяны эртелетүүнү суранып өлкөнүн каржы министрлигине кат жолдогон.

Эске салсак, насыя айыл чарбасынын тармагына карап, 6 пайыздан 10 пайызга чейин берилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген