Дыйкандар пахтанын наркынын төмөндүгүнө нааразы болушууда

Быйыл Кыргызстанда пахтанын килограммы 47 сом деп бекитилди. Бирок бул наркка дыйкандаар нааразы болуп жатышат. Алар ак алтындын баасын 50-55 сомго бааланат деп күтүп жатышкан.

Бул жылы Ош облусу боюнча 9 гектарга пахта эгилген. Өзгөчө Араван районунда пахта аянтты кенейтилип, райондо ак алтындын экинчи түшүмүн жыйнап жатышат. Бирок нарктын төмөндүгү дыйкандарды нааразы кылууда.

Араван райондук айыл чарба департаментинин жетекчиси Пайзулла Мирзабарамовдун айтымында, Өкмөт буланын аянтын кеңейтүү менен баа да жогорулайт деп убадалаган. Ага ишеним арткан дыйкандар аянттарын эки эсеге көбөйтүшкөн. Бирок убада аткарылбай, дыйкандар кеткен чыгымын актабай жатканын белгилеп жатышат.

Азыр Араван боюнча 8 завод пахтаны кабыл алып жатат. Алар ак алтынды Орусия, Казакстан жана Түркияга экспорттошууда.

Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын Ош облусундагы бөлүмүнүн башкы адиси Жаныш Сайдимаматовдун белгилешинче, Өзбекстан да Кыргызстанда өндүрүлгөн пахтага кызыктар экенин айтышкан. Сүйлөшүүлөр жыйынтыкталып, экспорттоло турган болсо баа жогорулашы мүмкүн.

Эске салсак, 2013-жылдары бир килограмм ак була 34 сомдун тегерегинде болсо, өткөн жылы 43-44 сомго жеткен.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген