Дубайда суу үстүндө дүкөн ачылды, сүзүп барып соода кыласыз

Дубайда суу үстүндө калкып турчу дүкөн ачылды. Мындай уникалдуу дүкөн Джумейра, Кайт-Бич жана Эс-Сифу-Бич пляждарына жакын жайгашкан.

Ал кемеде, кайыктарда, яхталарда жүргөн кардарларга ылайыкташкан. Супермаркетте  300 дөн ашуун товарлардын түрү  тартууланган.

Бул дүкөндөн,  бир нерсе сатып алуу үчүн, атайын терезеден буйрутма берип, акчасын төлөп, андан кийин оролгон товарды алып кетет.

Ал эми жакын сүзүп келе албагандар үчүн телефон аркылуу буйрутма берүү кызматы жеткиликтүү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген