Дубайда эми төөлөр да ооруканага кайрыла алышат

Дүйнөдө алгачкы жолу төөлөрдүн ооруканасы ачылды. Төөлөр үчүн арналган бейтапкана Дубайда жайгашкандыгын жана “Dubai Camel Hospital” деп аталаарын чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматтарга караганда оорукана бир эле убакта 20 жаныбарды кабыл ала алат. Операция баалары 845 евродон башталса, рентген жана УЗИлери 92 евродон өйдө турат.

Бириккен Араб Эмиратынын тургундары көбүнчө төөлөрдүн жарышын өткөрүп көңүл ачышат. Асыл тукумдуу төөлөр миллион долларга чейинки бааны чапчыйт. Мына ошондуктан аталган оорукана кымбат төөлөрдү медициналык көзөмөлдөн өткөрүү максатында ачылган.

“Dubai Camel Hospital” бейтапканасынын курулушуна 40 миллион дирхам (756 миллион сом) сарпталган. Анда өз ишин мыкты билген мал доктурлар иштеп, заманбап медициналык жабдыктар орнотулган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.