ДССУ: Жалпы 111 өлкөдө коронавирустун “Дельта” штаммы аныкталды

Коронавирустун “Дельта” штаммы 111 өлкөгө жайылды. Бул тууралуу эл аралык ТАСС басылмасы ДССУнун жумалык эпидемиялык бюллетенине шилтеме берүү менен маалымдады.

ДССУ бул штамм ушул кезге чейин аныкталган, башка жугуштуу варианттарга караганда эң кооптуу экендигин эскертти.

“Инфекциянын тез жайылып, көбөйүшүнөн улам, жакынкы айларда дельта дүйнөдө басымдуу вариант болуп калышы мүмкүн “, – деп белгилешти уюмдан.

Эксперттер “Дельта” штаммынын мындан ары тез жайылышын, натыйжада саламаттыкты сактоо тутумдарына кысым күчөтөөрүн, айрыкча эмдөө төмөн болгон шартта көбөйүшүн болжолдошууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда дельта штаммы расмий түрдө тастыктала элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.