ДССУ: “Дельта плюс” штаммынын жайылышына байланыштуу жаңы кулпулоо болушу мүмкүн

Коронавирустун эң жаңы “Дельта плюс ” түрүнүн жайылышы шашылыш чараларды талап кылат, антпесе жаңы кулпулоону киргизүү керек болот. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Орусиядагы расмий өкүлү Мелита Вуйнович билдиргенин газета.ru жазып чыкты.

«Вакцинация жана масканы тагуу керек, анткени “дельта” менен эмдөө жетишсиз. Эми биз кыска убакыттын ичинде күч-аракет жумшашыбыз керек, антпесе бул толугу менен локдаунга алып келет», – деп айтты ал.

Анын айтымында, вакцинация зарыл, анткени вирусту жугузуу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт жана катуу ооруга чалдыгуу мүмкүнчүлүгүн азайтат.

«Жалпы иммунитет жана жүрүм-турумду өзгөртүү, вирустун жайылышын азайтуу үчүн ушуга окшогон кошумча чаралар керек ”, – деп айтты Вуйнович.

ДССУнун өкүлү “дельта плюс” штаммына байланыштуу кырдаал кооптуу болуп жаткандыгын, вирус жайылуу ылдамдыгы күчөп жатканын баса белгиледи.

“Дельта” штаммы көптөгөн клеткаларды жабыркатат, оорулуу адам көп адамдарга тез жугушу мүмкүн. Азырынча оорунун төбөсүн көрө элекпиз, бирок вирус ылдамдап баратат », – деп жыйынтыктады ал.

“Дельта” деп аталган коронавирустун штаммы Индияда былтыр октябрда табылган. Ошол мезгилден баштап, ал бүткүл дүйнөгө жайылган. 20-июнда Индия бийлиги “дельта плюс” деп аталган дельта мутациясын жарыялаган. Кийинчерээк өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги бул штаммдын коркунучу жөнүндө билдирди. Ал мурункусунан өпкө клеткаларына күчтүү таасир этүү жөндөмү менен жайылуунун жогорку ылдамдыгы менен айырмаланат. Илимпоздор жаңы штамм антителолор жараткан коргоону жеңе алаарын дагы моюнга алышты.

25-июнда Орусияда дельта плюс штаммын жуктурган биринчи адам аныкталганы айтылган. Мындан сырткары АКШда, Улуу Британияда, Казакстанда жана башка өлкөлөрдө ушул штаммды жуктурган айрым учурлар катталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.