“Достукта” Өзбекстандын жараны баңгизат менен кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, 4-июнь күнү “Достук” өткөрүү бекетинен  өзбекстандык жаран баңгизат менен кармалды. Алгач текшерүү жүргүзгөндө анын жанынан өзүн тастыктаган бир да документи чыккан эмес.

Шектүү катары каралган ал жарандын буюмдарын текшергенде, 27 грамм «гашиш» жана «марихуана» табылган. Мындан сырткары 20 грамм кара куурай да чыккан.

Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган адам күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген