“Достук кербени”: жашстанчылар төрт облусту кыдырышты

“Достук кербени”  Ош, Жалал-Абад жана Чүй, Ысык-Көл областтарында уюштурулду. Массалык маданий иш-чара “Жашстан” долбоорунун алкагында ишке ашып жатат. Иш-чара спорттук, интеллектуалдык оюн-зооктор, ыр-бий менен коштолуп, келген конокторго ар кандай темадагы мастер класстар уюштурулду. 

Ага жергиликтүү калк, “Жашстан” долбоорунун жаш лидерлери жана Жогорку Кеңештин депутаттары, көрүнүктүү исандар жана маданият кызматкерлери катышты.

Уюштуруучулардын айтымында, “Достук кербени”  иш чарасынын максаты – жаштарды жаңы деңгээлге чыгаруу, элди тынчтыкка үндөө. Иш-чара 6 дубандын 27 айыында 1000 ге чукул адамдын катышуусунда өттү.

“Достук кербенин” көргөнү келгендер жана катышуучулар тогуз коргоол, аркан тартыш, кол күрөш сыяктуу улуттук оюндар жана футбол, волейбол, таэкван-до сыяктуу спорттук мелдештерге катышып, концерт көрүштү.

Ошондой эле ар улуттун тамактарды жасоо, кол өнөрчүлүк боюнча сынактар уюштурулду.

 

 

Жакынкы күндөрү “Достук кербени” массалык маданий иш чарасы  Нарын  жана Талас областтарында болоору пландалууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген