“Достук” чек ара бекети 11-июндан кеңейтилген курамда иштейт

Кыргызстан менен Өзбекстандын “Достук” чек ара бекети 11-июндан кеңейтилген курамда иштейт. Бул тууралуу  Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Бүгүн бейөкмөт уюмдар бекетке 29 даана видеокөзөмөлдөөчү жана паспорт текшерүүчү жабдыктарды берди.  Учурда кошумча кабиналар үчүн курулуш  жүрүп жатат.

Жалпы болуп Кыргызстанга кирип келатканда алты, Өзбекстанга чыгып баратканда жети кабина иштеп келген. Эми 11-июндан тарта, эки тарапта 15тен кабиналар толук иштей баштайт.

Буга чейин документ текшерүүчү кабиналардын жетишпестигинен  чек арада сааттап кезек күтүү болуп келген.  Өткөрмө бекет  7 миң адамды текшерип өткөрүүгө ылайыкташкан болсо,  учурда 2 эсе көп адамды тейлеп жаткан.

Ош менен Анжиян облустарынын ортосундагы “Достук” көзөмөл-өткөрмө бекетинде быйыл кыштан тартып жүк ташыгандар көбөйүп, ал кезек талаш менен коштолуп келген. Чек ара аркылуу Өзбекстандан  Кыргызстанга мөмө-жемиш көп кирет. Ал эми Кыргызстандын базарларынан коңшу өлкөгө тиричилик техникалары товарлар өтөт. Каттагандардын дээрлик 80 пайызы жүк ташыгандар.

Белгилей кетсек, 2010-жылы Кыргызстандагы апрель, июнь окуяларынан кийин Ташкент аны бир тараптуу жаап салган болчу. Эки өлкөгө каттагандар чакыруу телеграммасы менен гана өтүп турушкан. 2017-жылдын сентябрында “Достук” өткөрүү пункту кайрадан  ачылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген