“Дордой” командасы “Алайдын” чемпион болушуна мүмкүнчүлүк түздү

Кечээ 19-сентябрда Топ-Лиганын 20-туру өткөрүлдү. Анда биринчи орунда бараткан “Дордой” упай жоготсо, “Алай” 3 упайга ээ болду. Бул турда Александр Крестинин командасы өз үйүндө “Алганы” кабыл алып 2:1 эсебинде жеңилди. Ошол эле убакытта Оштун командасы Кочкор-Атада “Нефтчи” менен ойноп 5-1 эсебинде утуп кайтты.

Эгер, “Дордой” бул турда жеңишке жеткенде башка командалардын 5 упай артыкчылыгын  сактап калмак, бирок алар  өзүнүн негизги атандашы болгон “Алайды” өздөрүнө жакындатты.

Эми Топ-Лиганын кезектеги туру 22-сентябрда өткөрүлөт. Андан кийин 26-сентябрда Ошто “Алай” менен “Дордой” командаларынын калтырылган оюну болот. Эгер алдыдагы  беттеште   “Алай” өз үйүндө жеңишке жетсе биринчи орунга чыгат.

Азыр турнирдик таблицада, “Дордой” 41 упай менен биринчи катарда баратса, “Абдыш-Ата, “Алай”, “Алга” 39 упай менен экинчи орунду бөлүшүп келүүдө.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген