“Дордой” базарында чыккан өрттөн 2 контейнердеги товарлар толугу менен күйүп кетти

“Дордой” базарындагы 2 кабаттуу 2 контейнердин ичиндеги товарлар толугу менен күйгөн. Бул  тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кече 2-октябрь күнү саат 17:10до Бишкек шаарындагы  “Дордой” базарынын бут кийимдер сатылуучу катарында өрт чыккан. Анда жалпы аянты 40 чарчы метр болгон 2 кабаттуу 2 контейнердин ичиндеги товарлар толугу менен күйүп кеткен.

Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, саат 18:02де чектөөгө алынып, 18:37де толук өчүрүлгөн.

Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген