Дордой АФК кубогунда алгачкы 3 упайга ээ болду

Бишкектин “Дордой” командасы  Дөлөн Өмүрзаков стадионунда Тажикстандын “Истиклол” клубун утуп алды. Эки команданын оюну АФК кубогунун тайпалык баскычынын алкагында өткөрүлдү. 

Беттеште алгач Тажикстан чемпиондору 29-мүнөттө эсепти ачып алдыга чыкты. Ал голду 10-номурдагы оюнчу Алишер Жалилов киргизди. Ошентип биринчи бөлүм 1:0 эсебинде коноктордун пайдасына аяктады. Ал эми 57-мүнөттө бурчтук топтон Вахит Оразсахедов гол киргизип эсепти теңеп койсо, Мирлан Мурзаев оюн аяктарда “Истиклол” дарбазасына экинчи топту узатып, “Дордойго” жеңиш  тартуулады.

Ошентип Александр Крестинин шакирттери 1-жолу “Истиклолду” утуп, АФК кубогунда алгачкы 3 упайын колго киргизди. Белгилей кетсек, буга чейин  “Дордой” “Истиклол” менен 4 жолу беттешип, баарында жеңилген.

Ал эми ушул топтун экинчи оюнунда Түркөнстандын чемпиону  “Алтын-Асыр”  өз үйүндө Тажикстандын “Худжанд” клубун 1:0 эсебинде утуп алды.

Азыр “D” тобунда “Истиклол”  7 упай менен 1-орунда баратса, “Алтын-Асыр” 6 упай менен 2-орунга көтөрүлдү. Ал эми “Дордой” менен “Худжанд” 4 төн  упай топтоп,  3-орунду бөлүшүп турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген