Доллардын арзандоо себеби айтылды

Дүйнөлүк валютанын арзандоо себеби, ага болгон талаптын төмөндөгөнүнө байланыштуу болууда дешет Улуттук банктын өкүлдөрү.

Мындан сырткары, ага сезондук фактор дагы таасирин тийгизип жатат. Алсак, жай мезгилинде туристтер көп келген учурда, чет элдик валюта көбүрөөк алынат. Андан тышкары, каражатын доллар менен сактагандар салык төлөө үчүн аларды сомго алмаштырышууда.

Акыркы 10 күн аралыгында доллардын курсу 1 сом 70 тыйынга арзандады.

Бүгүнкү күндө акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялыкбанктар долларды 83 сомдон сатып алып, кайра 83 сом 40 тыйындан сатышууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.