ДКО: Ош облусунун ордосунда хан көтөрүү жөрөлгөсү өткөрүлдү

Бүгүн, Кырчын жайлоосунда Ош облусунун командасы хан көтөрүү жөрөлгөсүн көрсөтүштү. 

Жалпы Ош облусунун ордосунда 18 боз үй тигилип, кыргыздын көл өнөрчүлүктөрү көргөзмөгө коюлду. Ошондой эле улуттук кийимдердин түрлөрү көрөтүлдү. Хан көтөрүү салты театралдаштырылып, концерттик программа менен коштолду.  Ар бир боз үйгө дастаркон жайылып, келген конокторго кыргыздын салты боюнча сый көрсөтүлүп жатты.
Илгери Хан көтөрүүдө атайын бир күндү белгилешип, бүткүл кыргыз журтчулугунан аттуу-баштуу адамдар чакырылчу. Анда ак бээ союлуп, хан болуучу адамды ак кийизге көтөрүшкөн. Андан кийин хан тактысына отургузулат. Хан болуучу адам эл алдында өзүнүн эли-жерин көздүн карегиндей сактоого, адилет башкарууга, ак кызмат кылууга ант берет. Көчмөндөр оюндарында Ош облусу дал ушул көрүнүштү аткарып, келген конокторго тартуулап көчмөн жашоого алып барды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген