ДКО: Ордо боюнча Кыргызстандын командасы алдыңкы орунда

Көчмөндөр оюндарында ордо боюнча мелдеште Кыргызстандын командасы алдыңкы орунда келе жатат.  Оюн 3-сентябрда Кырчын жайлоосунда башталган. Ага Чехия, АКШ, Орусия, Тажикстан, Казакстан, Монголиядан келген 150дөн ашуун спортчулар катышууда.

Алгачкы эки күндүн жыйынтыгы:

3-сентябрда:

1. Тажикстан-Казакстан – 2: 0

2. Кыргызстан – Монголия – 3: 0

3. Орусия  – Чех Республикасы – 2: 0

4.  Россия (Екатеринбург) – АКШ – 2: 0

4 сентябрда:

1. Кыргызстан-Орусия – 2: 0

2. Тажикстан- АКШ – 2: 0

3. Чех Республикасы – Монголия – 2: 0

4. Казакстан-Орусия (Екатеринбург) – 2: 0

Бүгүн саат 10:00дө Кыргызстандын командасы менен Чехиянын, Тажикстан жана Орусиянын командаларынын ортосунда оюн өтөт.

Эске салсак, ордо оюндары  6-сентябрында аяктайт. Мелдеш  Кырчын жайлоосунда уланууда.

Командалардын  курамы 9 адамдан туруп, сегизи оюнчу, бирөөсү машыктыруучу.  Оюнга 18 жаштан жогоркулар катышып,  мелдеш эркектер арасында өтүүдө.

 


Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген