Диний жаатта билим алган окуучулар арасында футболдук турнир өткөрүлдү

Достук мамилени күчөтүү максатында Ош шаарындагы диний жаатта билим алган окуучулар арасында футболдук турнир өткөрүлдү.  Ага 7-класстан, 9-класска чейин окуучулар катышты. Медресе жаштарынын кесиптик шарттарын өркүндөтүү жагы да каралган.

Буга чейин мындай иш-чаралар байма-байма өтүп келсе, быйыл жаштар арасында алгачкы жолу уюштурулду. Бул иш-чара атайын долбоордун негизинде өтүп, республикалык масштабга кулачын жаюууда.

Учурда Кыргызстан боюнча 90дон ашык медресе бар болсо, 6000ден ашык бала медреселерде билим алышат. Дин боюнча билим алууну каалагандардын баары алардан окуса болот. Бирок, учурда 72 гана медресе документи жана талаптары боюнча стандартка жооп берет. Алар бирдиктүү программа боюнча иштеп жатканын муфтияттан кабарлашкан. Ал эми бүгүнкү күндө республика боюнча 1800 имам билимин жогорулатуу боюнча эки жумалык окуудан өткөрүлгөн.

Бул иш-чаранын видеосун 14:02 минутада көрө аласыз:

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген