Диний суроолорго жооп берүү үчүн Муфтияттын жаңы сайты иштеп баштады

Кыргызстандыктардын диний суроолоруна жооп берүү үчүн Муятифттын жаңы сайты ишке кирди. Кайрылгандар www.fatva.muftiyat.kg сайтына кирип, кызыктырган суроолорун калтыра алышат. Дарекке баш багып, аты-жөнүңүздү жана электрондук дарегиңизди жазып, сурооңузду жиберсеңиз болот.

Интернет аркылуу кайрылган суроолорго Муфтияттын фатва бөлүмүнүн кызматкерлери жооп беришет. Жооптор кайра эле ошол сайтка чыгат.

Сайт калктын суроолоруна тез арада жооп берип туруу жана коомчулук менен байланышты жандандыруу максатында түзүлдү. Сайттан башка да дин жаатында маалыматтарды тапса болот.

 

 

 

 

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar