“Дин тутуу эркиндиги жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоор koomtalkuu.gov.kg сайтына жарыяланды.

Анда маалымдалгандай, бул долбоор Кыргызстанда дин тутуу эркиндигин жүзөгө ашыруунун кепилдиктерин камсыз кылууга багытталган, диний бирикмелердин статусун, укуктарын жана милдеттерин белгилеп, алардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

“Азаттыктын” өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар экендигин жазган. Жалпысынан өлкөдө 3 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.