Дин башкармалыгы: Курман айт күнү аянтта намаз окулбайт

20-июлда, Курман айт күнү аянтта намаз болбойт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтияттын айтымында, майрамдын урматына жамааттык намаздар мечиттерде окулат.

« Мамлекеттик органдар менен кеңешилип, эпидемиологиялык кырдаал эске алынып, Бишкекте жана аймактарда аянтта намаз окубоо чечими кабыл алынды. Жарандардан мечиттердеги намаз учурунда санитардык нормаларды так сактоону суранабыз », – деп билдиришти КМДБнан.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү өлкөдө коронавирус инфекциясынын жогорулашы катталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.