Депутаттар Ош шаардык салык кызматынын ишин сындады

Бүгүн, 19-февраль Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп жатат. Жыйын башталаары менен күн тартибинде каралуучу маселелер такталды. Айрым депутаттар Ош шаардык салык кызматынын ишин сынга алып, коррупциялык иштерде айыптады.

Ал эми  калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов коррупция менен күрөш жүрүп жатканын кошумчалады.

“Биз коррупция менен баарыбыз биргеликте күрөшүүбүз керек.  Эгерде сиздер тараптан салык кызматындагы коррупциялык көрүнүштөр туурасында далилиңиздер болсо, мен ээлеген кызматына карабай чара көрөм,”- деди Сарыбашов.

Эскерте кетсек, бүгүнку сессияда Ош шаарынын 2019- жылга карата бюджети бекитилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.