Депутаттар Индира Жолдубаеванын аткарган иштерин канааттандырарлык эмес деп табышты

Прокуратура кызматкерлеринин аткарган иштерин “Ата Мекен” партиялык фракциясынын депутаттары  канааттандыраарлык эмес деп тапты. Бул тууралуу Жогорку кеештин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн“Ата Мекен” партиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун жылдык отчету каралды . Анда Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын ордуна анын биринчи орун басары Бөлөкбай Казаков башкы көзөмөл органынын 2017-жылдагы аткарган иши тууралуу маалымат берди.

Отчётто өткөн жылы прокуратура органдары жер жана шаар куруу, мамлекеттик жана муниципалдык менчик, ошондой эле ишкерлердин жана балдардын укуктарын коргоо тууралуу мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдүн күчөтүлгөнү айтылды.

“Отчеттук мезгил ичинде 9417 текшерүү жүргүзүлүп, 14607 прокурордук чара көрүү актысы киргизилди. Тартиптик жана административдик жоопкерчиликке 9670 адам тартылып, коррупциялык багыттагы 704 кылмыш иши козголду. Билим берүүнүн 6 обьектиси, саламаттыкты сактоо обьектилерине мурда таандык болгон 3 жер тилкеси, бир ат майдан, андан тышкары жалпы аянты 629 гектарды түзгөн 156 жер тилкеси мамлекетке кайтарылды”, – деди Бөлөкбай Казаков.

Ал эми эл өкүлдөрү мамлекетке чоң зыян алып келген жагдайлар иликтенбей жатканын белгилешти. Алардын сап башында ракция төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Нарын ГЭС каскаддарына, “Манас” аба майданындагы жүктөрдү кабыл алуу жана жүргүнчүлөргө тамак-аш жеткирүү менен алектенген “Манас Менеджмент Компани” ЖЧКсына жана Мамлекеттик резиденция тарапта жайгашкан 12 гектар жердеги 48 котедждин тегерегиндеги маселелер каралбай жатканына токтолду.

“Ата Мекен” фракциясы башкы прокурор Индира Жолдубаевага ишенбөөчүлүк көрсөтүү менен, анын ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссия түзүү сунушун киргизүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген