Депутаттар Ак калпакты маданий баалуулук катары сактоо демилгесин көтөрүүдө

“Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун башкы максаты ак калпакты өлкөнүн маданий символу катары пайдаланууга шарт түзүү болуп саналат.

Кыргыздын улуттук баш кийимин мазактаган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айыппул салуу чарасы сунушталып жатат.

Эске салсак, 2016-жылдын 29-июнунда кабыл алынган токтом менен өлкөдө ар жылдын 5-марты Ак калпак күнү катары белгиленип келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген