Депутаттар Аида Касымалиева жана Абдыбек Дюшалиев үй карантинине алынышты

ЖКнын депутаттары Аида Касымалиева менен Абдыбек Дюшалиев 14 күнгө өз үйлөрүнө карантинге алынышты. Алар бүгүн түнү Германиядан учуп келишкен.

Депутат Касымалиева Германияга немис парламентинин чакыруусу менен барышкандыгын айтты.

“Биздин бул сапар мурда эле пландалган болчу, андыктан, барбай коюуга мүмкүн эмес эле. Абдыбек Дюшалиев экөөбүз ал жактан кийинчерээк келишибиз керек болчу, бирок эрте эле кайтып келдик. Бишкектен тыкыр текшерүүдөн өтүп, анализ таршырдык. Андан кийин 14 күнгө үй карантинине алындык, абалым жакшы. Карантиндин убактысы бүткүчө үйдө иштейм”,-деди Аида Касымалиева.

Депутаттарды коштоп барган жарандар да 14 күнгө карантинге алынды.

Эске сала кетсек, Германия коронавирус кенен жайылган Франция, Испания, Сингапур, АКШ өлкөлөрүнүн катарында турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген