Депутат Сурабалдиева: Жардам алган жарандарды сүрөткө тартып, жарыялаш шарт эмес

Оор кыраалда жардам алган жарандардын сүрөтүн жарялаган жакшы эмес. Мындай пикирин депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Ал Чүй облусунун Сокулук районундагы дотациялык айыл өкмөттөрдө жашаган жарандарга 14 тонна ун таратып, жардам берди. Карантин башталгандан бери аталган райондун дарыгерлерине беткап бөлүнүп, нөөмөттүк унаа дайындалган.

«Бүгүн бар, эртең жок, оомалуу – төкмөлүү заман дегенди билип, эртеңки күнү сенин сүрөтүңдү жарыяласа сүйүнөөр белең? Баарына чыдап жүргөн, намыскөй калкыбызды 30 жылда ушундай абалга жеткирген мамлекетте күнөө, ошондуктан бийликте отургандарга, бизге, мактана турган иш эмес. Бул илдеттен аман – эсен чыксак экен», – деди депутат.

Депутат бул жолку жолугушууда  Күн-Туу айыл өкмөтүндөгү жаштардын курч суроолоруна жооп берди. Орок айылында да эл чогулуп, коронавирус, пенсия, кредиттер, билим берүүдөгү жалпы кырдаал боюнча маселе көтөрүштү.

«Айылдардын постторунда машинабыз дезинфекцияланып, жарандар менен таза абада маектешкенге жетиштик. Карантинде күнүмдүк оокат менен жанын багып жүргөндөр абдан кыйналды, мамлекет багып албаса, ишке чыгууга уруксат берүүнү суранышты. Аны парламенттин келе жаткан жыйынында баардык эле депутаттар айтышаар», – дейт Эльвира Сурабалдиева.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.