Депутат Нурланбек Кадыкеев каза болду

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынан депутаты Нурланбек Кадыкеев көз жумду. Бул тууралуу аталган фракциядан билдиришти.

Маалыматка караганда Кадыкеевге жакында Түркияда операция жасалган.

Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевич 1970-жылдын 21-январында Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор кыштагында туулган.

Эмгек жолун 1988-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы “Кочкорка” ишканасында автослесарь болуп иштөө менен баштаган.

2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Маркумдун артында эки баласы калды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген