Депутат: Навои багын ижарага алган ишкер субарендадан миллиондорду таап жатат

Навои эс алуу багын ижарага алган ишкер казынага болгону 900 миң сом төлөп, өзү субарендадан 1,5-2 млн сом пайда таап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта шаардык кеңештин сессиясында депутат Салмон Назылбеков маселе көтөрдү.

“Бир адамга ижарага бербей, субарендаторлор менен түз иштеп, кирешени өзүбүз алсак болбойбу? Субарендаторлор да ижара акысын жеке ишкерге эмес, түз казынага төлөгөндү каалашат”,– деди эл өкүлү.

Муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматында,  аянты 3 гектарга жеткен Навои эс алуу багы “Балдар келечеги” ЖЧКсына 3 жылга ижарага берилген. Мындан калаа казынасына жылына 900 миң сомдун тегерегинде акча түшөт.

“Шаардык кеңештеги комиссиянын чечими менен бак 3 жылга ижарага берилген. Келишим мөөнөтү бир жылдан кийин бүтөт”, – деди муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Семетеев.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү азыркы келишим мөөнөтү бүткөн соң, Навои эс алуу багын ижарага берүү тартибин өзгөртүүнү убадалады.

Cүрөт: kloop

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген