Депутат Кубанычбек Нурматов өлкө туризминин келечеги үчүн кайрадан казинолорду ачууну сунуштады

Депутат Кубанычбек Нурматов өлкөнүн туризминин келечегин ойлоп, чет элден келген туристтер үчүн алыскы аймактарга казинолорду ачуу керектигин айтты. Ал мындай пикирин кумар оюндарга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Депутат Нурматов кошумчалагандай, казинолор бир гана туристтер үчүн иштетилиши керек.

“Ысык-Көл, Баткен сыяктуу алыскы облустарга ачылган казинолор бир гана чет өлкөлүктөр үчүн иштеш керек. Ал эми жергиликтүү жашоочуларды киргизген казино жетекчилигине 50 миңден 100 миңге чейин айып пул салыш керек”,- деди Кубанычбек Нурматов.

Депутаттын бул пикирин Марлен Маматалиев колдоп, ал эми Төрөбай Зулпукаров казино ачууга каршы экендигин билдирди.

“2011-жылдан бери бир кумар ойноочу жер жабылса, башкасы ачылып, ушул убакка чейин аягы тыйылбай келет. Менимче казино ачуу жакшы идея эмес, жаманаттысы кайра эле парламентте калат”, -деген Зулпукаров кесиптештерин кайрадан казино ачуу оюнан кайтууга чакырды.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тарта кумарканалардын жана оюн автоматтардын иштешине тыюу салган мыйзам күчүнө кирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген