Депутат элге болгон кайрылуусунда эмне дейт

“Бир Бол” фракциясынын депутаты  Бакирдин Субанбеков бүгүн, 14-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз элин жол кырсыктарынан сак болууга чакырды.   

“Адамдын өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок. Тилекке каршы, адамдын өмүрүн тийиштүү деңгээлде сактай албай жатабыз. Акыркы мезгилде Ички иштер министрлигинин билдирүүлөрүндө, маалымат каражаттарында күнүгө жол кырсыктары жөнүндө маалыматтар жайгашат. Анын кесепетинен каза болгондор, жабыркагандар айтылып жоготууларга кабылып турабыз. Жол кырсыктан канчалаган мекендештерибиз, алардын ичинде жаштар жана наристелер оорубай, сыркабай туруп каза болуп жатышат. Бир үй-бүлөнүн ичинен эки-үч адам жок болууда. Жол кырсыгынын кесепетинен жарандар ден соолуктарынан ажырап жатат. Элибиздин коопсуздугун камсыздоо максатында өкмөт атайын алдын алуу иш-чараларын иштеп чыккан. Жараткан сактанганды сактайт дегендей өзүбүздүн өмүрүбүздү сактайлы”, – деди депутат билдирүүсүндө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.