Депутат чет өлкөдөн келген окуу орундарын калыс бөлүштүрүүнү сунуштады

Билим берүү боюнча чет элден бөлүнгөн гранттык орундар быйыл жети облуска бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Сунушту депутат Абдывахап Нурбаев көтөрүп, орундардын калыс бөлүнбөй жатканын кошумчалады.

Депутаттын айтымында, Билим берүү министрлиги бүтүрүүчү класстарга атайын семинарларды өтүп, кайсы мамлекеттерге кандай сынактар менен окууга өтсө болоору жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларды даярдаш керек.

“Кытайда мектептин бүтүрүүчүлөрү  Билим берүү министрлигинин кийлигишүүсү жок, өздөрү эле түздөн- түз университеттер менен байланышып, гранттык орундарды ала алышат экен. Биздин региондордун окуучуларында да жетиштүү маалыматтар болсо, орундар калыс бөлүштүрүлмөк”,- дейт Абдывахап Нурбаев.

Буга чейин ЖК депутаты Жанар Акаев дагы Кыргызстанга чет өлкөдөн келген квоталар жең ичинен бөлүштүрүлүп, бардыгына бирдей мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй жатканын айтып, билимге суусаган жаштардын жолун тосуу туура эмес экенин кошумчалаган. Мындан улам аталган маселени иликтөө үчүн парламент чукул чараларды көрүүнү тиешелүү кызматтагыларга тапшырган.

Бирок Билим берүү министрлиги мындай маалыматтарды четке кагып, келген орундар интернетке ачык көрсөтүлөөрүн билдирген.

Быйыл кыргызстандык бүтүрүүчүлөр Кытай, Венгрия, Орусия, Белорусия жана Казакстан өлкөлөрүнө акысыз билим алуу үчүн бара алышат. Бул үчүн өкмөттөр аралык келишим түзүлүп, студенттерди кабыл алуу башталды.

Учурда Венгрия мамлекети жалпы 25 квота бөлүп, анын 10 оруну бакалавр,  магистратурага 10, докторантурага 5 орун берилген. Кайсы тармак боюнча билим алууну студент өз каалоосу менен тандай алат.

Ал эми башка мамлекеттерден канча орун берилээри азырынча анык эмес. Жылдын соңуна чейин башка мамлекеттерден да сунуштар түшүшү күтүлүүдө. Бул үчүн эл аралык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген