Депутат Бакыт Жетигенов камактан бошотулганы кабарланды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигеновду 22-декабрда абактан бошотуу тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу адвокат Бактыбек Жумашев “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, депутат сот залынан бошотулган.

Чечим түнкү саат 23:00дөн өтүп чыкканы айтылды. Райондук соттун басма сөз кызматы расмий маалымат бере элек.

Жогорку Кеңеш 22-декабрда убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде Жетигеновду жоопко тартууга макулдук берген эмес.

Буга чейин ушундай эле жол менен депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров абактан бошотулган.

1-декабрга чейин иштеген “Жазык-процессуалдык кодексинин” талаптарына ылайык, үч депутатты жоопко тартууга уруксат алуу үчүн Башкы прокуратура 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн. 1-декабрда убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо, депутаттар камактан бошотуларын, алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө кылмыш иши убактылуу токтотуларын билдирген.

УКМК Бакыт Жетигеновду “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.