Депутат 2019-жылды Экология жылы деп жарыялоону сунуштады

Кийинки жылды Экология жылы деп сунуштагым келет. Бул тууралуу депутат Рада Туманбаева бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаратылыштын кайталангыс кооздугун, курчап турган чөйрөнүн тазалыгын сактоо азыркы ааламдашуу заманында өтө маанилүү маселелердин бири болуп саналат.

«Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланган 2018-жыл аяктап барат. Ошондон улам, Кыргыз Республикасынын Президентине келерки жылды Экология жылы катары жарыялоо сунушун бергим келет. Анткени, экология жаатында чечиле турган көйгөйлөр көп.», – деди депутат.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарын түтүн каптаганы боюнча тартылган  сүрөттөр жарыяланып, коомчулукта түрдүү нааразычылыктар айтылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген