Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке жаңы директор дайындалды

Бүгүн 22-ноябрда Эркебай Мурзабеков Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле өлкө башчынын тиешелүү буйруктары менен Жыргалбек Касымов менен Саматбек Джумашев Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору кызматтарынан бошотулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген