Денис Петрашов Токиодогу жайкы олимпиадада жүрүшүн токтотту

27-июлда, кыргызстандык спортчу Денис Петрашов брасс стилинде сүзүү боюнча 200 метр аралыктагы мелдешке катышкан. Жалпысынан бул багыт боюнча 40 спортчу катышып, алар 5 алдын ала сүзүү бөлүктөрүнө бөлүнүштү.

Петрашов экинчи бөлүгүндө баштап, аны 2 мүнөт 10.07 секунд эсебинде жеңип алды.

Ушул аралыктын жыйынтыктоочу тизмесинде кыргызстандык 18-орунду ээлеп, эң жакшы убактысы бар 16 спортчу жарым финалга өттү. Тилекке каршы Петрашовго жарым финалга чыгуу үчүн 0,12 секунда жетпей калды.

24-июлда Денис Петрашов брасс ыкмасы менен 100 метр аралыкты сүзүп чыгып, 27-орунду ээлеп, жаңы рекордун койду – 1 мүнөт 0,23 секунд.


Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.