Денесинен 13 ийне алынган наристе чарчап калды

Ташкентте денесинен 16 даана ийне табылган 11 айлык наристе чарчап калды. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазууда.

Маалыматта жазылгандай, ымыркай 23-январда ага операция жасалган Ташкент шаарындагы Республикалык медициналык илимий борбордун жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

“Он бир айлык ымыркайга оор операция жасалып, денесинен 13 даана ийнени алып чыккандан кийин жашап кете алган жок “, – деген Ташкенттеги демократия жана адам укуктары институтунун директору Сайера Ходжаева.

Өзбекстандын Фергана облусунда дарыгерлер 11 айлык баланын денесинде 16 даана ийне бар экендигин аныкташып, Республикалык илимий борборго жөнөтүшкөн.

Дене табы көтөрүлүп, оор абалда борборго жеткирилген. Наристеге 9 саатка созулган операция жасалып, анын ичинен 13 даана ийне алынган. Баланын жаш курагына жана абалына байланыштуу калган 3 ийне кийинки операцияга калтырылган эле.

Дарыгерлер ымыркай мынча ийнени өзү жута албастыгын, бул кимдир бирөө тарабынан атайын жасалган иш болушу мүмкүн деген пикирин билдиришкен. Мындан тышкары ал денесиндеги ийнелер менен 2 айга жакын убакыт жашаган.

Баланын апасы анын тынымсыз ыйлаганынан улам ооруканага кайрылган. Ал күйөөсү Орусияда иштеп жүргөндүгүн, убактылуу өзүнүн ата-энесинин үйүндө жашагандыгын айтып берген.

“Мен баламды дээрлик кароосуз калтырган эмесмин, мындай абалдын жаралышы мага түшүнүксүз” – деген апасы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген