Денеси көгала болгуча токмок жеген аялдын күйөөсүнө кылмыш иши козголду

6-июнда Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова социалдык баракчасына денеси көгала болгон адамдын сүрөтүн жарыялап, “аялдарга болгон зордук, зомбулук качан азайат же токтойт?”-деп өкүнүчтүү пост жазды. Бети көрүнбөгөн адамдын денесинде соо жери жок.  Ал жолдошунан катуу таяк жеген аял экенин автор белгилейт.

“Качан гана өмүр гүлү өчүп, о дүйгөгө жөнөгөндө гана жогорку деңгээлде реакция кылабызбы? Бул сүрөттөгү келиндин абалындай абалды, биз, “Ак жүрөк” кризистик борборунун шартында көп жолу күбө болдук”,-деген Асылбекова.

Автор кийинчерээк ал постту алып салды. Бирок Кыргызстандын айрым интернеттеги маалымат агенттиктери автордун айткандарын жана фотону жарыялашты.

Ушул эле күнү Ош облустук ИИБнын маалымат кызматы ошол аялды ур-токмокко алган жаранга карата кылмыш иши козголгонун кабарлады. Маалыматта айтылгандай, аялын токмоктогон күйөөсүнө карата КРдин КЖКнин 105-беренеси боюнча (денесине келтирген жаракаты үчүн) кылмыш иши козголгон.

“Өзгөндүн 33 жаштагы тургуну жолдошу сабаганын айтып, 23-майда милицияга кайрылган. Бул арыздын негизинде жабырлануучунун алган жараты канчалык деңгээлде экендигин тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган жана дарылануу үчүн Ош шаарына жөнөтүлгөн. Дарыгердин маалымкатынын негизинде денесине келтирилген жаракаты үчүн 5-июнь күнү өмүрлүк жолдошуна карата кылмыш иши козголгон”, – дешти ОИИБден.

Фото: Дарика Асылбекова

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген