“Ден- соолук кербени” Кара- Кулжа районунун 5 айылын кыдырып, акысыз медициналык жардам көрсөттү

Ош облусунун Кара- Кулжа районундагы беш айылдын тургундары айыл өкмөттөгү ооруканага чогулушту. Алардын баары акысыз медициналык кароодон өтүү үчүн келишкен. Дарыгерлерге көрүнүү үчүн келгендердин арасында буга чейин эч жерден шыпаа  таппай жаткандары,  шаарга барып ооруканага көрүнгөнү мүмкүнчүлүгү жоктору да бар.

Кара-Кулжа районунун  Кашка-Жол айыл өкмөтүндөгү элде көбүнчө  жүрөк, көз, кулак, мурун жана кан тамыр  оорулары  кездешет.  Муну Ош облусулунда дарыгерлерден турган атайын топ калктын ден- соолугун көзөмөлгө алганда аныкташты.

“Келген элдин ооруларына жараша дары- дармектерди жазып бердик. Ал эми оорусу өтүшүп кеткен бейтаптарга болсо ооруканаларга жолдомо берип жатабыз”,- деп билдирди дарыгер Абдыжалил Муратов.

“Ден соолук” кербени аталган  топ эки күн бою элдерди кабыл алат. Топто балдар жана чоңдор үчүн кардиолог, окулист жана онкология оорулары боюнча дарыгерлер бар. Ошондой эле гинекологиялык, мурун оорулары боюнча да адистер кошулган. Жылпы болуп Ош облусунун ар кайсы ооруканаларынан ыктыярдуу 30 дан ашуун дарыгер келген.

“Ооруну дарылагандан көрө алдын алган жакшы. Ошондуктан, биздин топ жер- жерлерде элди акысыз медициналык кароодон өткөрүп жүрөт”,- дейт “Дени сак эл” ассоцияциясынын директору Максат Жумабаев.

Айыл жергесинде көбүнчө ооруну аныктоо үчүн  шаарга барганга мүмкүнчүлүк болбой  калат. Же болбосо дарыгерлердин тартыштыгы себеп болот. Мындан улам, акысыз медициналдык текшерүүдөн өтүү зарылчылыгы бар.  Ошондуктан, ден- соолук кербени айыл жеринде текшерүүнү тандашкан. Анын негизинде айыл ичин кыдырышып,  басууга  мүмкүнчүлүгү жок болгон  бейтаптарды  үйлөрүнө барып кабар алышты.

Дарыгерлер тобу бардык медициналык жабдыктарды өздөрү менен кошо алып жүрүшөт. Алардын тамак-ашы менен чыгымдарын жергиликтүү бийлик каржылайт. “Ден соолук” кербени өткөн жылы да калк саламаттыгынан кабар алып, аймактарды кыдырып келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген