Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн ЖОЖдорго кабыл алуу босого баллдары төмөндөтүлдү

Өлкөнүн жогорку окуу жайларына мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кабыл алуунун босого упайлары төмөндөтүлдү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясынын, өлкөдө инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясынын жана программасынын ченемдерин ишке ашыруу, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жогорку билимдин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү белгиленген.

Медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары, өлкөнүн ЖОЖдоруна I жана II топтогу майыптарды кабыл алууда босого упайларын төмөндөтүштү.

Гранттык орундар үчүн: негизги тест үчүн – 100 балл, окуу акысын төлөө менен келишимдин бардык түрлөрү үчүн: негизги тест үчүн – 95 балл.

“Белгилей кетчү нерсе, заманбап билим берүү тутуму инсандын жеке билим берүү муктаждыктарын канааттандыруу максатында иштелип чыккан жана инклюзияны өнүктүрүүгө багытталган, бул мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк берет”, – деп билдиришти билим берүү министрлигинен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.