“Дастан” заводунда лифттер чогултулушу мүмкүн

“Дастан” заводунда лифттердин монтаждык өндүрүшү пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларусиядагы элчилигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, элчи Эрмек Ибраимов жана ТНК Дастан коммерциялык директору Руслан Бурангулов Могилевге барышкан. Кыргыз делегациясы “Могилевлифтмаш” ААКтын өндүрүшү жана продукциясы менен таанышып, беларус ишканасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

“Тараптар” Дастан “ТНК ААКсынын базасында лифттерди чогултуучу заводду түзүү, ошондой эле Беларустун экспортун колдоо үчүн финансылык механизмдерди колдонуу менен Бишкекке лифттерди жеткирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты”, – деп билдиришти элчиликтен.

Дипломатиялык миссия Беларусь тарап Бишкекте эскирген лифттерди модернизациялоо боюнча жүрүп жаткан программаларга кызыкдар экенин белгилеп, лифттерди жеткирүү боюнча кыргыз тараптын бардык сунуштарын кароого даяр экенин кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.