Дастан Бекешев: Прокурорлор 30 миллион маяна алгандай жашашат

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор кызматына Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин сунуштап, аны Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция карады.

Жыйында депутат Дастан Бекешев Өткүрбек Жамшитовдун облус прокурору болуп турган учурундагы маянасына кызыкты. Жамшитов депутатка жооп кылып, айлыгы 30 миң сомдун тегерегинде болгондугун айтты.

Өз сөзүндө Бекешев прокурорлордун жашоо-шартынан жана айдаган унаасынан коррупциялашып кеткендигин билдирди.

“Азыр Бишкектеги прокурорлор 30 миң сом эмес, 30 миллион сом айлык алгандай жашашат. Айдаган унаалары күнүнө 100 литр май ичет. Мисалы, кылмыш иши козголот, кайра кыскарып кетет. Статистикада миңдеген иштер козголуп, кайра токтоп жатат. Бул туура эмес көрүнүш”, – деди деди депутат Бекешев.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген