Дастан Бекешев: Эки жыл мурда Жамшитовду колдодум эле, бирок эч жыйынтык көрсөтө алган жок

Бүгүн, 21-майда ЖКда КРнын прокурорунун отчетун кароо маалында депутат Дастан Бекешев прокуратура системасы жаңыланат деген үмүт менен эки жыл мурун Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду колдогонун, бирок эч кандай жыйынтык көрбөгөндүгүн айтты.

Ошондой эле депутат медицина кызматкерлеринин укуктарын коргоо маселесине да токтолду.

“Тилекке каршы бүгүнкү күндө эч кандай жыйынтык жок. Оңдуу өзгөрүү болбоду. Бардык кайрылууларыбыз ар кайсы жакка жөнөтүлүп калууда. Жакында эле эл алдында кечирим суроого мажбурлатылып, басымга кабылган дарыгерлер боюнча кайрылгам. Бирок Башкы прокуратура дарыгерлер өз демилгеси менен кечирим сурашкан деп жооп берди. Бирок бул туура эмес”, – деди.

Өз кезегинде Башкы прокурор өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шартында 25 факты катталып, анын ичинен 26 киши өз ыктыяры менен кечирим сурашканын маалымдады.

Башкы прокурор: Арыз-даттануулар талаптагыдай чечилбей жатат

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.