Дарыяга агып кеткен эки адамдын сөөгүн табышты. Дагы бирин издеп жатышат

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылына агып кеткен тургундун сөөгү табылды. Мындан сыркары Кадамжайдын Сох дарыясына агып кеткен эки тургундун жасаатын табышып, туугандарына өткөрүп беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Эки адамдын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп бердик. Азыркы учурда болсо Нарын дарыясына агып кеткен тургунду издеп жатабыз. Издөө иштерине 20 куткаруучу тартылды”,-деп белгилешти министрликтин маалымат кызматынан.

Издөө иштери бүгүн, 2-майда да улантылып жатат.

Сүрөт: Sputnik

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.