Дарыларды рецептсиз сатууга көзөмөл күчөтүлдү

Дары, антибиотиктер рецепт менен гана сатылышы керек. Мындай токтом 2011-жылы өкмөттө кабыл алынган. Эми быйыл ошол токтомдун аткарылышын күчөтүү талабы ар бир облустагы дары-дармек департементтерине тапшырылды. Ага ылайык, дарылардын 2501 түрү дарыгердин рецеби менен гаана сатылышы керек. Мисалы, амикацин, нитрокцолин, адаптол, пефлоксацин, авекор, такролимус, силденафил, цефтриаксон сыяктуу дары-дармектерди рецепсиз сатууга уруксат берилбейт.

Жогорудагы талаптар боюнча жыл сайын пландуу текшеруү жүрүп турат. Эгерде рецепсиз дары алгандар аныкталса 5 миң сомдон 10 миң сомго чейинки айып пул салынат. Ал эми дарыканалар лицензиясынан айрылып калышы мүмкүн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин бул жаатта койгон талаптарынын дагы жөнү бар. Анткени, көпчүлүк жарандар өз алдынча дары сатып алып, дарылануу аркылуу жеңил илдетти күчөтүп жибериши ыктымал. Бул болсо бара-бара организмге оор келген дарыларды пайдаланууга алып келүүдө.

Башкы сүрөт: 24.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген