Дарыгерлер коронавируска каршы антибиотиктерди жана гормондорду колдонбоону сунушташат

Коронавируска кабылганда антибиотиктерди жана гормоналдык препараттарды ичүүгө болбойт. Бул тууралуу бүгүн 29-июнда, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин штаттан тышкаркы инфекциялык адиси Айнура Кутманова брифингде билдирди.

Анын айтымында, алар оорунун курчушуна алып келиши мүмкүн.

«Бул дарылардын өз көрсөткүчтөрү бар жана негизинен, стационардык бейтаптар үчүн. Ошондой эле, вируска каршы дарыларды колдонбоңуз. Алардын натыйжалуулугу далилденген эмес», – деди ал.

Эгерде үй-бүлөдөн кимдир бирөө ооруп жатса, анда үйдүн обочолонуусун сактоо зарыл: маска кийип, оорулуу адамга бөлөк бөлмө, бөлөк идиш-аяк берүү керек, бөлмөнү тез-тез желдетип, нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүү абзел.

Айнура Кутманова тез жардам чакырылып, ооруканага жаткыруу сатурация 93 пайыздан төмөндөп кеткен учурда жана дем алууда энтигүү пайда болгондо аткарылат.

“Температура, кургак жөтөл, жыттын жоголушу – бул тез жардам чакыруунун көрсөткүчү эмес, амбулатордук негизде дарылоонун белгилери”, – деди ал.

Вирустук инфекциянын алгачкы белгилери пайда болгондо 118ге чалуу сунушталат.

“Эгерде дене табы 38,5тен жогору көтөрүлсө, анда аны төмөндөтө турган дары-дармектерди колдонуу керек. Парацетамол жана ибупрофенди ар 6 саат сайын ичүү зарыл”, – деди ал.

Айнура Кутманова кошумчалагандай, жөтөл болгондо көп адамдар антибиотиктерди иче башташат.

“Бул туура эмес. Мол жылуу суусундук, жөтөлгө каршы каражаттарды ичүү керек. Чалкаңыздан жатпастан, капталыңыз менен, же көмкөрөдөн жатуу керек », – деп сунуштады ал.

Өнөкөт оорусу барлар мурун кабыл алган дарыларды ичүүнү улантуу керек. Эгерде илдеттин белгилер байкалса, анда дарыгерге кайрылышы керек

Оорунун өсүшү учурунда жөнөкөй эрежелер сакталууга тийиш: коомдук жайларда, жабык жерлерде маска кийип жүрүү, кол гигиенасын сактоо, социалдык аралыкты бир метрден кем эмес сактоо.

“Мен калкты көп адамдар чогула турган иш-чараларды убактылуу токтотууга үндөгүм келет”, – деп кошумчалады ал.

Кыргызстанда коронавирус жана жугуштуу пневмония менен ооругандар көбөйүүдө. Өткөн суткада жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 1 миң 92 учуру аныкталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.